super.kg logo

Бишкектеги авиакырсыкка байланыштуу "112" ыкчам чара көрүү кызматы түзүлдү

 

Бишкектин четиндеги авиакырсыкка байланыштуу "112" ыкчам чара көрүү кызматы түзүлдү. Максаты - кырсыкка байланыштуу оперативдүү маалыматтарды кабыл алуу. Бул тууралуу 16-январда өкмөттөн кабарлашты.

Эскерте кетсек, бүгүн таңга маал Курулуш башкармалыгынын дачалары (Дачи СУ) айылындагы үйлөрдүн үстүнө Боинг учагы кулаган. Гонконг-Стамбул багытында бараткан жүк ташуучу Бишкекке май куюу үчүн конууну көздөгөн. Бишкектен май куюп алып, андан ары Түркияга учмак. Акыркы маалыматтар боюнча, каза тапкандардын саны 32ге жетти. Булардын төртөөсү экипаж мүчөлөрү, калгандары жергиликтүү жашоочулар. Оор абалда ооруканада жаткандар дагы бар. Окуя болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Транспорт жана жол министрлигинин жетекчилери, премьер-министр жүрөт. Аэропорт убактылуу жабылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: