Авиакырсык: 17-январь өлкөдө аза күтүү күнү деп жарыяланды
Бишкектин четиндеги авиакырсыкка байланыштуу Кыргыз Республикасында 17-январь аза күтүү күнү деп жарыяланды. Маалыматты бүгүн, 16-январда президенттик аппараттан билдиришти. Буйрукта булар айтылат:
- Кыргыз Республикасында 2017-жылдын 17-январы аза күтүү күнү деп жарыялансын.
- Аза күтүү күнү Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу түшүрүлсүн.
- Кыргыз Республикасынын маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталсын.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга керектүү жардамдарды берип, колдоо көрсөтсүн.
- Бул жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Эскерте кетсек, бүгүн таңга маал Курулуш башкармалыгынын дачаларындагы (Дачи СУ) үйлөрдүн үстүнө Боинг учагы кулаган. Гонконг-Стамбул багытында бараткан жүк ташуучу Бишкекке май куюу үчүн конууну көздөгөнү айтылды. Бишкектен май куюп алып, андан ары Түркияга учмак. Акыркы маалыматтар боюнча, каза тапкандардын саны 35ке жетти. Булардын төртөөсү экипаж мүчөлөрү, калгандары жергиликтүү жашоочулар. Оор абалда ооруканада жаткандар дагы бар. Окуя болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Транспорт жана жол министрлигинин жетекчилери, премьер-министр жүрөт. Аэропорт убактылуу жабылды.
Акыркы жолу өлкөдө 2016-жылдын 29-августунда аза күтүү күнү жарыяланган. Бул чечим Орусияда өрт кырсыгынан 14 Кыргыз жаранынын каза болушунан улам кабыл алынган.
кошулду











1 |