Өзгөчө кырдаалдар министри Алмазбек Атамбаевге учак кырсыгы боюнча маалымат берди



Президент Алмазбек Атамбаев 16-январда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алып, министр “Манас” аэропортуна жакын жерде Боинг 747 учагынын кыйрашынан 30дан ашык адамдын каза болгону боюнча маалымат берди. Боронов куткаруучулар башка мамлекеттик жооптуу органдар менен бирге кырсыктын кесепеттерин жоюу ишин жүргүзүп жатканын билдирди.
Президент Өзгөчө кырдаалдар министрлигине учак кырсыгынын айынан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга бардык зарыл жардамдарды берүүнү жана кырсык болгон жерде каргашанын кесепеттерин жоюу иштерин тездетүү тапшырмасын берди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:20
2025-07-05
Рейтинг:
0

кимдир бироонун эжеси, апасы,карындашы, атасы агасы, каза тапты. бул жерде каза тапкандардын эжеси агасы атасы жоктой айтыпсыз. Ак уйдогулорду айтыпсыз каза тапмак деп. Ак уйдогулор башкача адам бекен эмне.