Учак кырсыгынан улам актёр Азиз Мурадиллаев Түркияга операция жасатууга учпай калды

Бүгүн, 16-январда актёр Азиз Мурадиллаев "Манас" аэропортунун кырсыкка байланыштуу каттамдарды токтотушунан улам Стамбул шаарына учпай калды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге актёрдун жубайы Эльвира Жумалиева билдирди.
"Билет бүгүн таңкыга алынган болчу. Кырсыкка байланыштуу каттамдар токтотулуп, Азиз учпай калды. Стамбулдагы клиниканын дарыгерлерине чалып, болгон окуяны түшүндүрдүк. Эми ушул жумада билетти башка күнгө алмаштырабыз", - деп билдирди Э.Жумалиева.
Белгилей кетсек, актёрдун дарылануусуна кыргыз кызын алган Түркиянын жараны жардам берип жатканы, операциянын баасын 100 миң доллардан 30 миң долларга түшүргөнү айтылган.
Ал эми аэропорт качан кадимки тартипте иштеп баштаары азырынча белгисиз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-02

Рейтинг:
0

Тооба кылдым эй!
Адамдар эмне болуп атасыңар?
Ушундай бир жактуу, эки жүздүү болуп чыга калабызда...
Башына олум менен оору келбесин