super.kg logo

Парламенттик комитеттин отурумунда каралган маселелер депутат үчүн кызыксыз болду. Себеп - авиакырсык

 

Бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин отурумунда каралган маселелер депутат Тазабек Икрамов үчүн кызыксыз болду. Бул тууралуу ал өзү отурумдун соңунда билдирди.

"Биз, комитеттин мүчөлөрү, окуя болгон жерге барып келсек жакшы болот эле. Бүгүн каралган маселелердин мага кызыгы деле жок болду. Ким бара алса, чогуу барып келели", - деп сунуштады Икрамов.

Комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова аны менен макул болду. Комитеттин мүчөлөрү Икрамовдун сунушун бир добуштан жактырышты.

Айта кетсек, аталган комитеттин бүгүнкү отурумунун күн тартибине 7 маселе киргизилген болчу. Авиакырсыкка байланыштуу өкмөттүн бир топ мүчөлөрү комитеттин отурумуна келе албагандыгынан айрым маселелер кийинки жумага жылдырылды. Жыйынтыгында отурумда Социалдык фонддун ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер гана каралды.

Бүгүн эртең менен саат 07:30 чамасында Гонконгдон келе жаткан жүк ташуучу учак "Манас" аэропортуна жетпей Сокулук районундагы Курулуш башкармалыгынын дачаларына кулаган. Акыркы маалыматтар боюнча, авиакырсыктан 35 адам каза болду, 18 адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилди. Учурда зыянга учураган үйлөр текшерүүгө алынууда. Азырынча кулаган учактын 65 турак үйдү сүрүп кеткени айтылууда. Бул авиакырсыкка байланыштуу Кыргыз Республикасында 17-январь аза күтүү күнү деп жарыяланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
16.01.2017. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Буларга кызык эмес да мындай нерселер, себеби жепутаттар да
16.01.2017. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жепутат. Ката жазып алсанызда туура жаздыныз
16.01.2017. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
m.a.d.e_i.n_m.a.m.a, менин ойумча ката эмес, жейт, анан утат. =жепутат. Же жейт анан жутат= жепжутат. Буларга. Коп ат койсо болот, себеби Татыктуу ошондой аттарга. Мисалы 120 ХХХ, ж.б.
Модератор admin_portal түзөттү 2017-01-16 16:37:22
16.01.2017. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым жаткан жерин жайлуу кылсын жакындарына сабыр берсин
Жаракат алгандарды тезирээк айыгып кетишсин журокту оорутат жаш балдарда бар экен
Бул деген кырсык эч кимди куноолонун кереги жок
16.01.2017. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабыр
16.01.2017. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар барганда эмнени чечмек эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: