Ысык-Көл облус башкармалыгынын кызматкерлери бир күндүк маянасын авиакырсыктан жабыркагандардын эсебине которушат
Ысык-Көл облус башкармалыгынын кызматкерлери бир күндүк маянасын авиакырсыктан жабыркагандардын эсебине которушат. Бул тууралуу облус башчысынын басма сөз кызматы бүгүн, 16-январда кабарлады.
"Ысык-Көл облусунун эли учактын кыйраганы тууралуу маалыматты терең кайгыруу менен кабыл алды. Каза болгондордун жакындарына көңүл айтабыз, бул бүтүндөй кыргыз эли үчүн чоң жоготуу. Жаракат алгандардын тезирээк сакайышын каалайбыз", - деген облус башчы Асхат Акибаев.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облустук башкармалыгынын кызматкерлери бир күндүк айлык акысын жүк ташуучу учактын кыйрашынан жаракат алгандардын эсебине которушарын билдиришкен. Мындан сырткары өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлгүнүн имаратында жардам чогултуу пункту ачылганы маалым болду.


Ар кимибиз колдон келген жардамыбызды берели