super.kg logo

Жалал-Абадда миңден ашуун милиция кызматкерлери авиакырсыктан каза болгондордун жакындарына бир күндүк айлыктарын которушат

 

Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгы авиакырсыктан каза болгондордун жакындарына бир күндүк айлык маяналарын которот. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Манас" Эл аралык аэропортуна жакын жерде авиакырсыктан улам каза болгон атуулдардын жакындарына Жалал-Абад ОИИБи аза кайгысын тең бөлүшүп, ички иштер бөлүмүндө эмгектенген бардык район-шаарлардагы милиция кызматкерлери бир күндүк эмгек акыларын бөлүп беришет", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусу боюнча миңден ашуун милиция кызматкерлери иштешет. Бир күндүк эмгек акысын которуп берүү боюнча чечимди облустун тартип сакчылары чукул жыйын өткөрүп кабыл алышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
16.01.2017. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
баарынызларга сабр урматтуу бир туугандарым жаман иш болуп кетти калганы Аллаадан Аллахым оз ыраайымына алып баарынын бараар жерин жаннат кылсын ин ша Аллах. анан моо мынтип бир кундук айлык акыларын которуп жардам берип жаткандарга да Аллахым ыраазы болсун сиздердин жардамыныздар биз учун дем куч болду кыйын кундо бири бирине жардамга шашылган Кыргызым бар болгула
16.01.2017. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мынаке патриоттор
16.01.2017. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир күндүк алган параңарды которгула ГАИлер намысыңар болсо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: