super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 16-ЯНВАРЬ: 4 жыл мурун "Дед Хасан" атка конгон орусиялык кылмыш чөйрөсүнүн өкүлү Аслан Усоян атылып өлтүрүлгөн

 

4 жыл мурун, 2013-жылы 16-январда "Дед Хасан" деген каймана аты менен белгилүү орусиялык кылмыш чөйрөсүнүн өкүлү Аслан Усоян атылып өлтүрүлгөн. Шаардын ортосундагы ресторандан чыгып бараткан 75 жаштагы Дед Хасан каршы үйдүн чатырынан снайпер аткан октон жан берген. Ага чейин 2010-жылы да Усоянга Москвада кол салынып, бирок аман калган. 2015-жылдын май айында Аслан Усояндын өлүмү тууралуу кылмыш ишин иликтөө токтотулган.

Аслан Усоян улуту боюнча күрд, 1937-жылы Грузиянын Тбилиси шаарында төрөлгөн. 1967-жылы Грузиянын түрмөлөрүндө "мыйзамдагы ууру" деген наам алган. 1980-жылдары Орусиянын түштүгүн көзөмөлдөй баштаган. 1998-жылы Аслан Усоян өзбек криминалдык лидери Жора Ташкентскийге "мыйзамдагы ууру" наамын берген. 2008-жылы ал Орусияда таанымал болгон Иванков-Япончик менен катуу жакындашып кетет. Ошол эле жылы 23-апрелде Аслан Усоян менен Иванков-Япончик кыргыз криминалдык лидери Камчы Көлбаевге "мыйзамдагы ууру" наамын беришет да, Казакстан менен Кыргыз мамлекетинин түрмө-зоналарын толук көзөмөлдөөнү тапшырышат. Ал эми АКШнын президенти Барак Обама менен Каржы министрлиги Камчы Көлбаевди бүтүндөй Борбордук Азиядагы наркотрафикти көзөмөлдөйт деп жарыялашкан. 2009-жылы Аслан Усоян Кавказ уюшкан кылмыш топторунун лидери болуп жарыяланган.

16-январга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
16.01.2017. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайга тообо
16.01.2017. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
mamatmusakuzuraziya,кудай болондо атып олтуро алмак беле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: