super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 17-ЯНВАРЬ: 311 жыл мурун АКШны негиздөөчүлөрдүн бири, окумуштуу, журналист жана коомдук ишмер Бенжамин Франклин төрөлгөн

 

Мындан 311 жыл мурун, 1706-жылы 17-январда АКШны негиздөөчүлөрдүн бири, окумуштуу, журналист жана коомдук ишмер Бенжамин Франклин Массачусетс штатындагы Бостон шаарында төрөлгөн.

Ал Эгемендиктин декларациясы жана АКШ Конституциясынын (1787) түзүүчүлөрүнүн бирден-бир өкүлү. Саясий көз караштары боюнча Франклин демократ болгон. Өзүнүн чыгармаларында ал кул ээлөөчүлүктү жана кул сатуучулукту кескин түрдө сындап, кара терилүүлөрдүн жана индейлердин укугун коргогон. Франклиндин философиялык көз караштары Жон Локк, Энтони Эшли Купер Шефтсбери, Уилки Коллинз, Жон Пристли сыяктуу ойчулдардын чыгармачылыгынын таасири астында калыптанган.

Кыймылды материянын имманенттик касиети катары караган. Табиятта көз карандысыз мыйзам ченемдүүлүктөр бар деген пикирге кошулган. Анын катышуусу менен Улуу Британия АКШнын көз карандысыздыгын тааныган Версаль тынчтык келишими түзүлгөн. Б.Франклин АКШда биринчи болуп коомдук китепкананы, Америкалык философиялык коомду жана Пенсильвания университетин негиздеген.

"Убакыт - акча", "Бүгүн жасалчу иштерди эртеңкиге таштаба", "Эгерде тынч уктагың келсе, төшөгүңө ынсабыңды кошо ала жат". Булар Бенжамин Франклинге таандык эң белгилүү афоризмдер. Улуу саясий ишмердин сүрөтү АКШнын 100 долларлык купюрасына түшүрүлгөн. Ал 1790-жылы 17-апрелде Филадельфия шаарында көз жумган.

17-январга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: