super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 17-ЯНВАРЬ: Айтылуу америкалык мушкер Мухаммед Али көзү тирүү болгондо 75 жашка толмок

 
М.Алинин мушкердик карьерасы 12 жашында башталган
2-жубайы жана балдары менен
3-жубайы, модель Вероника Порш менен
4-жубайы Иоланта Уильямс

Олимпиада чемпиону (1960), профессионалдар арасында 3 жолку Дүйнө чемпиону аталган легендарлуу америкалык мушкер Мухаммед Али (чын аты-жөнү - Кассиус Клей) көзү тирүү болгондо бүгүн, 17-январда 75 жашка толмок. Ал 1942-жылы АКШнын Кентукки штатындагы Луисвилл шаарында төрөлгөн.

"Дүйнө чемпиону" аталган соң Кассиус Клей коомчулукка ислам динин кабыл алганын айткан. Буга катар ал Мухаммед Али деген ысымга ээ болгонун билдирген. Профессионалдык рингде Али 61 беттеш өткөрүп, 56 ирет жеңишке жетишкен. 1964-1966-жылдар аралыгында жана 1974-1978-жылдары супер оор салмакта Дүйнө чемпиону катары чемпиондук курга ээ болгон.

Аны уткан мушкерлердин бири - Жо Фрейзер. Фрейзер-Али беттеши "кылымдын беттеши" деп аталып, 1971-жылы 8-мартта орун алган. Анда атаандашы Алиге жакынкы аралыктан көп сокку узатып, беттеш акырында упай айырмачылыгында жеңишке жетишкен.

Мухаммед Али саясатта да көз карашын ачык айтып, айрым учурда карама-каршы пикирлерди жаратып келген. Ал Вьетнамдагы согуштук аракеттерге кошулуудан баш тарткан. 1981-жылы бокстон биротоло кеткенден кийин Мухаммед Али кайрымдуулук иши, коомдук маселелер менен алек боло баштаган.
Жеке жашоосу
М.Али 4 ирет үй-бүлө курган. Биринчи жубайы Сожи Рой ислам динин кабыл албагандыктан, экөө ажырашып кеткен. Андан соң Белинда Бойл менен баш кошуп, 4 балалуу болгон. Экинчи жубайы менен дагы келишпей ажырашып, 1977-жылы модель Вероника Поршко үйлөнүп, 2 балалуу болгон. 9 жылдан кийин бул никеси дагы ийгиликсиз аяктаган. 1986-жылы Иоланта Уильямс менен баш кошуп, экөө 5 жаштагы баланы багып алышкан.
Узакка созулган оору өмүрүн алып кетти
Легендага айланган Мухаммед Али 40 жашка чыга элегинде Паркинсон илдетине кабылгандыгы аныкталган. Адатта бул оору адамдарга улгайган курагында келет. Мушкер дарыгерлер диагноз койгондон кийин дагы 2 жолу профессионалдык беттеш өткөрүүгө жетишкен, бирок экөөндө тең жеңилип, чоң спортту таштоого аргасыз болгон. Ал бул ооруга кабылып калса дагы, 1996-жылы Атлантада өткөн Олимпиада оюндарынын отун жаккан. Бул окуя боюнча Америка Кошмо Штаттарынын мурунку президенти Билл Клинтон: "Оорудан колдору титиреп турса да, Олимпиада отун кылдат көтөрүп чыгып тутандыруу үчүн кандай кайрат керек! "Мен ушинтип илдетке кабылып калдым" деп мүңкүрөп калбастан, коомчулукка чыгып турганы канча! Али өзгөчө киши", - деп айткан.

Легендарлуу мушкер 2016-жылы 3-июнда 74 жашында өпкөсүндөгү дартка байланыштуу жана узакка созулган калтыратма оорусунан улам Финикс шаарындагы ооруканалардын биринде көз жумган.

17-январга карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: