super.kg logo

Өкмөт Боинг кырсыгынын хронологиясын айтып берди

 

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 17-январдагы жыйынында Бишкектеги учак кырсыгы тууралуу маалымат берилүүдө. Транспорт жана жол министринин орун басары Гүлмира Абдралиева окуянын хронологиясын айтып берди. Анын айтымында, жүк ташуучу учактын экипажы "Манас" аэропортунда күйүүчү май куюп алууну пландаган.

6:41. Учак Кыргыз өлкөсүнүн аба майданына кирген.

7:16. Учкуч "Манас" аэропортуна конууга уруксат сураган. Кыргыз тарап уруксат берген. Мындан кийин учактын экипажы байланышка чыккан эмес.

7:20. "Манас" аэропортунун кызматы коркунуч сигналын жарыялаган.

7:31. Аэропорттун кызматкерлери окуя болгон жерге барышканда, учак өрттөнүп жаткан.

7:45. "Манас" аэропорту убактылуу жабылган. Бир нече каттам токтотулган.

13:30. "Манас" аэропорту ачылган.

18:00. "Манас" аэропорту кадимкидей тартипте иштей баштаган.

"Бүгүн саат 10:00дө Мамлекеттер аралык авиация комитетинин адистери Бишкекке жөнөшкөн. Мындан тышкары "Боингдин" өкүлдөрү келишмекчи", - деди Абдралиева.

Эскерте кетсек, 16-январда таңга маал "Манас" аэропортуна жакын жерге Боинг 747 учагы кулаган. Жүк ташуучу учак үйлөрдүн үстүнө түшүп, ондогон адамдардын өмүрүн алды. Акыркы маалыматтар боюнча каза тапкандардын саны 36га жетти. Ооруканада жаткандар дагы бар. Факт боюнча Транспорттук прокуратура кылмыш ишин козгоп, УКМК менен ИИМ иликтөө жүргүзүүдө. Кырсыкты Мамлекеттер аралык авиация комитети иликтейт.

Бүгүн, 17-январь - өлкөдө аза күтүү күнү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
17.01.2017. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
кандай эле 7:31аэропорттун кызмат керлери келишет экен жергиликтуу тургундар Манаска барып самолёт кырсыктаганын айтышса уй куйуп жатса керек деп кайтарышып жиберишиптирго калп айтса боло берет экенда мамлеккеттик анын ичинде Манастын сотрудник тери 40 муноттун тегерегинде келишти деп айтып жатышатго
17.01.2017. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адамдын омуру менен ойношкон шалаакы диспетчирлер. Бир гана силердин шалаакылыгынардын айынан канчалаган адамдын омурун алды бул самолет. Самолет орттонуп жатат десе уй болсо кереу ал деп койуп камырабай отурушат. Ошол самолет конуп жатты эле кантти экен жерге туштубу эч кимисинин иши жок ХХХ!!!!! Кандай жоопкерчиликтуу ишти аркалап отурганын билбейби булар.
Модератор admin_portal түзөттү 2017-01-17 14:08:54
17.01.2017. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окшошпой атат!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: