super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 17-ЯНВАРЬ: АКШнын биринчи айымы Мишель Обама 53 жашка толду

 
АКШнын 44-президенти Барак Обаманын жубайы, юрист Мишель Обама (турмушка чыкканга чейинки аты - Ла Вон Робинсон) 53 жашка толду. Ал 1964-жылы 17-январда Чикаго шаарында туулган. Ата-энеси аталган шаардагы Суу түтүктөрү компаниясынын кызматкерлери болгон.
Мишель Чикагодогу эң престиждүү делген Уитни Янг атындагы мектепте окуп, 1981-жылы Принстон университетинин социология факультетине тапшырып, 1985-жылы артыкчылык диплом менен аяктаган. Андан соң Гарвард юридикалык мектебинде билим алган. Ал окууну аяктаган соң Чикаго шаарындагы "Sidley Austin" юридикалык фирмасына кызматка орношуп, өмүрлүк жары Барак Обама менен ошол жерден таанышкан. 1992-жылы эки жаш баш кошушат. Ошол эле жылы Мишель Обама Чикаго шаарынын мэринин жардамчысы кызматына орношот. 1993-жылы "Public Allies" аталган жаштардын коомдук бирикмесинде Чикаго шаардык кеңсесинин директорунун милдетин аткаруучу кызматын аркалайт. 1996-жылы М.Обама Чикаго университетинин студенттер менен иштөө деканатына жардамчы болуп орношот. Ал эми 2002-жылы АКШдагы бирден-бир мыкты делинген Чикаго университетинин алдындагы Медициналык академиянын коомдук иштер бөлүмүн жетектеп келсе, 2007-жылдан тарта аталган мекемеде коомдук жана тышкы саясат иштери боюнча вице-президенттик кызматты аркалап келген.
Мишель жана Барак Обама эки кыздын ата-энеси. Улуу кызы Малиа 1998-жылы, кичүүсү Наташа 2001-жылы туулган. Мишель жолдошунан үч жаш кичүү.

17-январга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: