super.kg logo

Боинг кырсыгы: Ата-энесиз калган балдарга министрлик кам көрөт

 

Учак кырсыгынан улам ата-энесиз калган балдарга Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги кам көрөт. Бүгүн, 17-январда өкмөттө кырсыктан жабыркагандарга жардам берүү маселеси талкууланган кеңешме өтүп, үй-бүлө мүчөлөрүнөн айрылган балдарга зарыл жардамды берүү боюнча премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тапшырма берди. Жыйында үй-жайсыз калгандардын тизмесин тез арада түзүү керектиги да айтылды. Өкмөт башчынын билдиришинче, кырсыктан каза тапкандардын жакындарына жана жабыркагандарга 70 миң сомдон жардам берилет.

Чүй облусунун башчысы Бактыбек Кудайбергеновдун айтымында, учурда 11 үй-бүлөнүн мүчөлөрү жакындарынын үйүндө баш калкалоодо.

Эскерте кетсек, 16-январда таңга маал "Манас" аэропортуна жакын жерге Боинг 747 учагы кулаган. Жүк ташуучу учак үйлөрдүн үстүнө түшүп, ондогон адамдардын өмүрүн алды. Акыркы маалыматтар боюнча каза тапкандардын саны 36га жетти. Ооруканада жаткандар дагы бар. Факт боюнча Транспорттук прокуратура кылмыш ишин козгоп, УКМК менен ИИМ иликтөө жүргүзүүдө. Кырсыкты Мамлекеттер аралык авиация комитети иликтейт.

Бүгүн, 17-январь - өлкөдө аза күтүү күнү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
17.01.2017. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмне кылып кам корот интернатка тапшырып салат болду да келечекте окутабы жумушка жардам береби.
17.01.2017. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Президент конул айттыбы,каща болгондордун жакындарына? Ошол жонундо маалыматты коро жатам
17.01.2017. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир бала болсо мага бергиле мее багып алам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: