super.kg logo

20-январда өлкө аймагындагы бардык мечиттерде учак кырсыгынан улам көз жумган маркумдарга арналып куран окулат

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 17-январын Кыргыз Республикасында аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндөгү жарлыгынын негизинде Кыргыз мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев "20-январь - жума күнү өлкө аймагындагы бардык мечиттерде учак кырсыгынан улам көз жумган маркумдарга арнап куран окуп, дуба кылуу жөнүндө" буйругун чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады.

"Буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагындагы ар бир мечитте мамлекетибиздин тынчтыгы, элибиздин саламаттыгы үчүн жана кырсыктан көз жумган мекендештерибизге арналып куран окулуп, дуба, тилектер айтылат", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү максатында муфтияттын түзүмүндөгү бардык дин кызматкерлери 1 күндүк эмгек акыларын которушат. Муну менен катар республиканын бардык аймагындагы жума намазы окулган мечиттерде кырсыктан жабыркагандарга материалдык жардам көрсөтүү максатында атайын кутучалар орнотулат. Топтолгон каражаттар атайын эсепке чегерилери маалым болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(2)
17.01.2017. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Арбир окулган куран,кечеги бейкуноо каза тапкан мекендештерибизге тийсин жана аллахым аларга бештин эшигин аччсын!
17.01.2017. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсынар мекендештер курандын сообу ошол кайтыш болгон мекендештерибизге тийсин оомийн
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: