super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Авиакырсыктан жабыр тарткандарга форумчулардан жардам"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кырсыктан жабыр тарткандарга форумчулардан жардам" деген тема ачылып, анда автор мындай деген:

"Кечээ күнү жан кейиткен абдан кайгылуу окуя, кырсык болду. Көпчүлүктүн каңырыгы түтөп, жүрөктөрү ооруп жатты, жеке мен бир эмес, бир нече жолу ыйлап да алдым. Бүтүндөй бир үй-бүлөдөн бирөө гана калды, бир үй-бүлө бүтүн кетти, бир үй-бүлөдөн эч нерсеге али акыл коюп түшүнө элек бала калды, жакын деген адамдарынан айрылышты, баш калкалоочу жайынан, кийинчү кийиминен, иччү тамагынан айрылышты, эч нерсеси калбады, тыптыйпыл... Видеолордон, сүрөттөрдөн көргөн чыгарсыңар. Кырсык болгондо да таңга маал, кээ бирлери кечинде уйкуга кеткен бойдон турбай калышты... Жашоонун али эч нерсесин көрө элек наристелер, жүрөгүндөй болгон балдарынан айрылган эне... Мындай кырсыкты, мындай тагдырды эч кимдин башына салбасын. Форумчулар, келгиле, биз да кайдыгер карабайлы, атайын форумчулардын атынан ким кандай жардам көрсөтө алат, канча жардам көрсөтө алат, чогултуп, анан Бишкек шаарындагы форумчулар барып келели, алар жардамга аябай муктаж..."

Темадагы башка билдирүүлөрдөн:

"Жардам берели, Оштогулар чогултуп сага жөнөтөлү анда".

"Мен да колдойм! Ар бирибиз чын жүрөктөн чыкканын берели, достор. Мындай кырдаалда бири-бирибизге жардам бербесек, дагы качан беребиз? Учурда бардык ишканалар бир күндүк айлык акысын жабыркагандарга берип жатышат. Биздин колдон келбей эмне болуптур?!"

"Орусия, АКШ, Корея, Италия өлкөлөрүндөгү мекендештер "Кантип жардам берем?" деп жүрүшкөн. Мына мүмкүн болду. Келгиле, 500 рублдан болсо дагы салалы. Көп түкүрсө көл болот, биригели!"

Кайрымдуулукка кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.01.2017. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бардык жардам бергендерге Аллах раазы болуп Аллахтан кайтсын!
17.01.2017. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
"Куноолор мамлекеттин тынчтыгына,экономикасына, жакшы жашоосунао.э.элдин журогуно терс таасирин берет"-Шейх Ибн Усеймин. Кагылайын калкым, ушул болуп жаткан кырсыктар биздин куноолорубуздун айынан деп ойлойм, зина, ушак ж.б. кайра эле озубуз азабын тартып жатабыз, кыздар балдар, ыйманыбызды бекемдейличи! Аллах ушул кырсыктан отуп кеткендердин жакындарына сабыр берсин!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: