Кикбоксчу Алексей Федосеев өзүн машыктыруучу катары сынайт

Кикбоксчу Алексей Федосеев эми машыктыруучулукту аркалай баштайт. Бул тууралуу спортчу SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, быйыл өлкө аймагында өтчү мелдештерден сырткары бир катар эл аралык мелдештер уюштурулат. "Мен карьерамды жыйынтыктай элекмин. Өзүмдүн тажрыйбамды жаш спортчулар менен бөлүшүп, машыктыруучу катары күчүмдү сынап көрүүнү чечтим", - дейт Федосеев.
Кошумчалай кетсек, атактуу Кыргыз кикбоксчуларынан Кумар Жалиев менен Олен Офойо акыркы кездерде өздөрүн калыс катары сынап жүрүшөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.