super.kg logo

Стамбулда 39 адамдын өмүрүн алган куралдуу кол салууга шектелген Абдулгадир Машарипов кармалды

 

Стамбулдагы түнкү клубга кол салган Абдулгадир Машарипов кечээ, 16-январда колго түштү. Бул тууралуу түркиялык басылмалар кабарлашты. Ал 1983-жылы туулган Өзбекстандын жараны болгон. Мухаммед Хорасан деген ат менен да белгилүү.

Маалым болгондой, аны полиция Стамбул шаарынын Эсенйурт аймагынан кармаган. Полиция ал түнөгөн батирди тинтүүдө 197 миң доллар тапканы маалымдалган. Полиция кылмышка шектүүнүн изине түшкөндө ал 4 жаштагы баласын алып, качып кетүү аракетин көргөн. Атасы кармалган соң баласы кайда калганы тууралуу так маалымат жок. Буга чейин ал баш калкалап жаткан үй Кыргыз жаранына таандык экени айтылган. Бирок такталган маалыматтардан соң турак үй Ирак жаранына таандык экени белгилүү болду.

Айта кетсек, 31-декабрдан 1-январга караган түнү Стамбулдагы "Рейна" түнкү клубуна куралдуу кол салуу болуп, 39 адам каза тапкан. Ал эми 70ке жакын адам ар кандай жаракат алган. Бул окуяга шектүүнүн сүрөтү жарыяланып, издөөгө алынган. Буга чейин түнкү клубга кол салган адамдын улуту уйгур болушу мүмкүн экени айтылган. Ошондой эле "клубга кол салган жаран менен байланышта болгон" деген шек менен 40 адам кармалган. Алардын көпчүлүгү Дагестан, Казакстан жана Кыргыз Республикасынан келишкени айтылган.

Куралдуу кол салууда Түркиянын 12 жараны, Сауд Арабиясынын 7 жараны, Ирактын 3 жараны, Ливандын 3 жараны, Индия, Иордания жана Марокконун экиден жарандары жана Бельгия, Израиль, Ливия, Канада, Кувейт, Орусия, Сирия жана Тунис өлкөлөрүнүн бирден жарандары көз жумган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
17.01.2017. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
gordaya, провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат!
17.01.2017. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кыргыз баланын жанында жашап жатыптыр деп жатышат ко
17.01.2017. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
naz2015, Таркалбаган маалыматты таратканга маш болушат окшойт. Мен дагы уктум, чон эле телеканалы айтып жатканын.
17.01.2017. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tram-lam,
17.01.2017. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тактабай эле кыргыз дей берет экенда!кыргыздар кошуна жашаган өзбөкө тийбеген,түрктөргө тем боле тийбейт.
17.01.2017. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Турктор эмне эле кыргызга асылып калышты. Эгерде биздин самалет турцияга кулаганда (тфу тфу тфу кулабай калсын) теракт деп чыгышмак 100% ХХХ булар начар калк алыс болуш керек бул ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2017-01-18 09:24:09
17.01.2017. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Турктор да кыргыз жараны экен, жашаган уй кыргызга катталыптыр деп кыргыздарды куноолой берсе, Аны турк эли кыргыздарды каргап, шилтеп жатып калышты да. Мына каргыштын кесепети да куноосуз адамдарга тийип калат да.
17.01.2017. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Түрктөр тийишип калды бизге. Кыздарыбыз да аларда иштеп жүрөт денесин сатып.
Кыргыздар аброюбуз түшүп кеткен жокпу ? Нукура кыргыз деп жүрөгү соккон президент керек бизге. Антпесе баары эле шылдың кыла баштады. Карамушкина жүрөт ЖКда, калпакты шылдыңдап .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: