Авиакырсыктан ата-энеси каза болгон 7 жашар бала чоң атасынын үйүнө чыгарылды
Каргашалуу окуя болор алдында мектепке чыгып кеткен Жакшылык Шералиев бүтүндөй үй-бүлөсүнөн айрылды. Ал үйүнө кайткан кезде кулаган учак үйүнөн эч нерсе калтырган эмес. Бул кырсыктан улам ал психологиялык травма алып, Сокулуктун аймактык ооруканасына жаткырылган.
Бүгүн анын ата-энеси жана эки карындашы жерге берилгенин Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.
"Баланы чоң атасы ооруканадан өзүнүн үйүнө чыгарып кетти. Ооруканадан чыгып жатканда абалы жакшы болуп калган", - деди министрликтин басма сөз катчысы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:28
2025-07-03

9:37
2025-07-03
Рейтинг:
0

Аман эсен чоңоюп, өзүңө тың болуп, ата энеңдин арбагын сүйүнтө көр......
Кыргызыма тоодой болгон балээ келди.
Эн таттуу уйкунун убагында.
Канча адам кош айтып кете берди.
Биринин аймончоктой баласы жок.
А бирин медер туткан канаты жок.
Бир уйдон бирди албай жаратканым.
Жетини алып кетти конулу ток.
Мемиреп тынч уйкуда уктап атып.
Жандары чыгып кетти жаратканым.
Тан эрте ойгонбодон сени коздой.
Корбодук жаны учуп баратканын.
Асылым кыргыз элим