super.kg logo

Орусияда жол кырсыгынан каза болгондордун сөөгү мекенине жөнөтүлдү

 

Орусияда жол кырсыгынан каза болгондордун сөөгү мекенине жөнөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык болгон жерге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Миграция кызматынын өкүлү жана Саратов облусундагы Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү барышып, тактоо иштерин жүргүзүшкөн. Ал эми 16-январь күнү саат 22:00 чамасында каза болгон адамдардын сөөгү Кыргыз Республикасына жеткирүү үчүн Мерседес Спринтер унаасына жүктөлүп, Саратов облусундагы Кыргыз диаспорасы жана туугандары тарабынан жөнөтүлгөн.

Айта кетсек, 15-январь күнү саат 04:30 чамасында Төмөнкү Новгород-Саратов унаа жолунда Вольво менен Тойота Версо үлгүлөрүндөгү унаалар сүзүшүп, жалпысынан 7 адам набыт болгон. Алардын төртөө Кыргыз Республикасынын, экөө Өзбекстандын жарандары жана бирөө Тажикстандын жараны.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
17.01.2017. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кырсык айтырып келбейт, жайлары жайлуу болсун! Ошондуктан олумго даяр туруу керек.
17.01.2017. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жерлери жайлуу жаны жаннаттан болсун
17.01.2017. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
17.01.2017. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жаман окуя .жаткан жери жаннатан болун ..алыста жургон мекендештерибиз аман болушсун.тынч аман оз елине оз жерине келишин кудайдан тилейбиз.
17.01.2017. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Томонку дебей эле коюлган атын эле айтсанар орусча болсода же баарын которуп кыргызча атагыла
18.01.2017. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми аман эсен жетип алышсын кудай.Спринтерлер конбой жатып ушулар аран конуп кетишти.башкалары коркуп болбой койушту.5 адамдын соогун жуктоп кетишти.озбек улутундагы бироосун чымкентке чейин алып кетишти.калганы торто кыргызстанга.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: