Учурда Бишкек шаарындагы өлүкканада медициналык кол кап, халат, ак кагаздар жетишсиз болууда






Бишкек шаарындагы өлүкканада учурда медициналык кол кап, бут кийим, бир ирет жана көпкө колдонулуучу халат, А4 форматындагы кагаздар жетишсиз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Елена Баялинова билдирди.
"Бул кызматтын учурдагы абалын түшүнүп турам. Көптөгөн документтерди толтурууга туура келүүдө. Мына азыр эле бир сөөктү экспертизага алып келишти. Өлүккананын мышык ыйлагандай абалы, керектөөлөрү жөнүндө буга чейин бир нече жолу айтылып келген. Андыктан байланышыңыздар", - деп жазган Е.Баялинова.
Белгилей кетсек, кечээ, 16-январда болгон авиакырсыктан улам каза болгондордун саны 38ге жетип, бир нече адам жаракат алган.
Елена Баялинова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:16
2025-07-03

16:30
2025-07-03
15:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

Кыргыз элин Кудай эле сактап жатат коп балээден чынында.мамлекетибиз кечээги кырсыктан жабыр тарткандарга жардам бере албай айласы куруп турган мезгили.бул мамлекет учун чон уят,уят,бардык кырдаалга даяр болуш керек мамлекет болгон сон.
Ар кандай кырдаал болот,кырсык каш-кабактын ортосунда дейт.оозунарды ачып жеп ичкенче алдын алып даярдап,белендеп турсанар кыйла женил болмок
Кагаз,ручка,перчаткилерден алып барып беребиз.
Элден айлангыла силер.
Бизге да бир нерсе берип ийишеби деген илгери умут менен айтып жаткан маалы го .
Тиги ууру акелеринерге айтсанар бир "Айфон"ду сатып кем карчынарды толуктап берет!!!