ӨКМ: "Авиакырсыктан жабыр тарткандарга Бишкекте тамак-аш, кийим-кечеден тышкары 65 290 сом чогулду"
Авиакырсыктан жабыр тарткандарга жер-жерлерде жардам чогултулуп жатканы маалым. Бүгүн, 17-январда Бишкек шаарындагы
Горький көчөсү-142 дареги боюнча 65 290 сом акчалай жардам түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле 9 тонна ар кандай кийим-кече, 100 килограмм макарон, 30 литр күн карама майы, 30 килограмм тамак-аш, 1 тонна ун, 20 литр суу, 100 даана даараткана кагазы, 10 килограмм самын жана кир жуучу каражаттар чогулганы маалым болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:20
2025-07-05
13:41
2025-07-04

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.