super.kg logo
  Саясат  

Казакстандын Социалдык коргоо министрин саясий кыймылдын лидери журналисттердин көзүнчө жумуртка менен урду

 

26-апрелде маалымат жыйыны учурунда Казакстандын Эмгек жана социалдык коргоо министри Серик Абденовду аталган өлкөдөгү “Казакстан коммунисттери” кыймылынын лидери Андрей Цуканов жумуртка менен уруп жиберди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жарыялашты. Цуканов журналисттердин көзүнчө министрге “Карагандыдан салам. Мамлекетти уят кылбагыла!”- деп атырылды. Ыргытылган эки жумуртканын бири министрге даана тийип кийимин булгады жана ондогон видеокамера, фотоаппараттын алдында аны ыңгайсыз абалга кептеди. Учурда аталган кыймылдын лидери кармалып, полиция ага административдик айып сала тургандыгы кабарланууда. Белгилүү болгондой, Серик Абденов 2012-жылы күзүндө министр болуп дайындалган. Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, министрдин пенсия берүү тармагында реформа жүргүзүү тууралуу идеясы элдин кыжырына тийип келет. Ал аялдардын пенсияга чыгуу курагын жогорулатуу керектигин жана бирдиктүү пенсия фондун түзүүнү сунуштаган.






Казакстандын Социалдык коргоо министрин жергиликтүү саясий кыймылдын лидери журналисттердин көзүнчө жумуртка менен урду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: