super.kg logo

Эл аралык Авиациялык комитеттин өкүлдөрү Кыргыз жергесине келип түшүштү

 

Эл аралык Авиациялык комитеттин өкүлдөрү Кыргыз жергесине бүгүн саат 18:00дө келишти. Алар Курулуш башкармалыгынын дачасындагы үйлөрдүн үстүнө кулаган жүк ташуучу учак боюнча иликтөө жүргүзүшөт.

Аталган комитеттен өкүлдөр келерин кечээ, 16-январда Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев билдирген.

Эл аралык Авиациялык комитеттин корутундусунан соң кырсыктын келип чыгышына эмне себеп болгону дайын болмокчу. Учурда учактын чоң бөлүгү турган жер гана карала элек, анткени эл аралык талаптарга ылайык, учактын негизги ири фрагменттерин ордунан козгобоо керек.

Акыркы маалыматтарга таянсак, ӨКМнын кызматкерлери үчүнчү "кара кутуну" издөө иштерин улантып жатышат. Кечээтен бери кырсыкка учураган Боинг 747-400F учагынын 2 даана "кара кутусу" табылды.

Эскерте кетсек, кечээ, 16-январда таңга маал Курулуш башкармалыгынын дачасындагы үйлөрдүн үстүнө Боинг учагы кулаган. Гонконг-Стамбул багытында бараткан жүк ташуучу учак Бишкекке май куюу үчүн конууну көздөгөн. Бишкектен май куюп алып, андан ары Түркияга учмак.

Акыркы маалыматтар боюнча, каза тапкандардын саны 38ге жетти. Булардын төртөөсү экипаж мүчөлөрү, калгандары жергиликтүү жашоочулар. Оор абалда ооруканада жаткандар дагы бар. Кырсыкты тиешелүү кызматтардан түзүлгөн комиссия иликтеп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: