"Супер-Инфо" гезитинин жана SUPER.KG порталынын эмгек жамааты учак кырсыгынан жабыр тарткандарга 1 күндүк эмгек акысын которду
"Супер-Инфо" гезитинин жана SUPER.KG порталынын жамааты учак кырсыгынан жабыр тарткандарга 1 күндүк эмгек акысын которду. Каражат өкмөттүн тапшырмасы менен ачылган бирдиктүү эсепке которулду.
Эскерте кетсек, Боинг 747-400F жүк ташуучу учагы кулап түшкөн үйлөрдүн жашоочуларына жана кырсыктан жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө жардам берүү иретинде өлкөдө бирдиктүү каражат которуу эсеби ачылган.
Жабыр тарткандарга жардам берүүнү каалагандар төмөнкү эсепке акча которо алышат:
Эсептик номер: 4407012100007868
Банк: Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгы (Банк: Центральное казначейство МФ КР)
БИК: 440001
Төлөм коду: 14238900
ОКПО: 22710535
ИНН: 00103200110150
Эскерте кетчү жагдай, жогорудагы эсепке өлкөнүн бардык аймагынан жана дүйнөнүн бардык бурчунан каалаган банктан акча которо берсе болот. Эң негизгиси, эсептик номер туура көрсөтүлүүсү шарт.

бир кундук айлык акчасы которулсун деген
указ чыгарыш керек деп ойлойм. Баарыбыз жардам
берууго милдеттуубуз.
Таттыгул Дооталиева жонундо жазгылачы
625 сомдон туура келет экен.
Супер инфо эмне себептен плеймаркеттен приложение болуп чыкпайсынар
Супер жамааты сиздерге ыраазычылык!
Кырсыктан курман болгондордун жайы жанаттан болсун,жакындарына сабыр демекчмин. Кантели баардык сыноо аллахтан экен биз болгону ал сыноолорду которо сезе билет экенбиз. Ар бир мекендештердин аман соо боодо кырсыктан алыс болушун элибиз тынч журтубуз аман болушун кайсы жерде журсок да тилейт экенбиз.