Быйыл Ошко 30 жаңы троллейбус алынып келинет
Быйыл Ош шаарына Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен биргеликте 30 жаңы троллейбус алынып келинет. Бул туурасында Ош шаардык муниципалдык автотранспорттук ишканасынын жетекчиси Таалай Түркбаев айтты. Ал белгилегендей, аталган ишкана күн сайын 50 троллейбусту каттамга чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле жакынкы аралыкта Мамыров жана Осмонов көчөсүнөн Айтиев көчөсүнө чейин троллейбус зымы тартылат жана шаарга №3-каттам киргизилет. Бирок курулуш мөөнөтү тактала элек. Бүгүнкү күндө ишканада 15 троллейбус, 70 автобус бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
2

