super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 18-ЯНВАРЬ: 239 жыл мурун деңиз саякатчысы Жеймс Кук Гавайи аралдарын ачкан

 

Мындан 239 жыл мурун, 1778-жылы 18-январда англиялык деңиз саякатчысы, капитан Жеймс Кук дүйнөнү айланган үчүнчү саякаты маалында Тынч океандын ортосунда орун алган эбегейсиз архипелагды ачып, ага Сандвич аралдары деген аталышты ыйгарган.

Азыр Гавайи деп аталган арал капитан Куктун сүймөнчүк жерине айланган. Жергиликтүү калк да капитанга башында жылуу мамиле жасаган, бирок анын аралдарга кийинки келүүсү өзүнүн өлүмүнө себепкер болгон. Англичандар алгачкы жолу аралга келген учурда аларды жергиликтүү тургундар Кудайдай көрүшүп, сый көрсөтүшкөн. Коноктордун арасынан бир адам көз жумганда, алар Кудай эмес экенин түшүнгөн аралдын тургундары менен саякатчылардын ортосундагы мамиле сууй түшкөн. 1779-жылы 4-февралда кемелер аралдан чыгып, сапарын улантат. Жолдо катуу бороон болгондуктан, Кук кайрадан Гавайиге кайтууга аргасыз болот. Туземдер менен саякатчылардын ортосунда кагылышуу болуп, жыйынтыгында Ж.Кук өлтүрүлгөн.

18-январга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: