super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 18-ЯНВАРЬ: 328 жыл мурун бийликтин түрлөрү тууралуу доктринаны иштеп чыккан француз укук таануучусу Шарль Монтескьe төрөлгөн

 

Мындан 328 жыл мурун, 1689-жылы 18-январда француз ойчулу, укук таануучусу жана агартуучусу Шарль Монтескьe Франциянын Бордо шаарында төрөлгөн.

1705-жылы укукту терең окуп үйрөнүү үчүн Парижге барган. 1714-жылы туулган жерине кайтып келип, шаардык сотто кеңешчи, кийинчерээк вице-президент болуп эмгектенген. 1721-жылы сатира жанрындагы "Персиядагы каттар" чыгармасын жарыкка чыгарып, окурмандарга бул китеп жаккан. Кийин "Книддин ибадатканасы", "Парижге саякат" аттуу эмгектерди жазып, 1728-жылы Европа өлкөлөрүнүн саясий-укуктук институттары менен таанышуу үчүн саякатка жөнөйт.

Италия, Пруссия, Нидерланды, Англияга барып, 1748-жылы "Мыйзамдардын руху жөнүндө" чыгармасын жазат. Бул эмгегинде бийликтин түрлөрүнүн теориясын түшүндүргөн. Ал демократиялык, аристократиялык жана монархиялык башкаруу формасы бар деп айтып, бирок тирания жана деспотизм болбошу керек деп билдирген.

Ш.Монтескье 1755-жылы 10-февралда 66 жашында Париж шаарында өпкө оорусунан улам көз жумган.

18-январга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.01.2017. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жанылыктар. бул улуу адамдардын жашоосун окуш алга карай жол алууга копуро болот. Авторго мындан ары да ушундай жанылыктарды коп жазуусуна тилектешмин Супер админ!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: