Токтогул районунда жеке келишпестиктен улам кырчын өмүрлөр кыйылды
23-октябрь күнү Токтогул районуна караштуу Мазар-Суу айылынын жергиликтүү тургундары 20 жаштагы Ж.Ж. жана 19 жаштагы Ш.К. жеке келишпестиктерден улам мушташа кетишкен. Бул тууралуу 25-октябрь күнү ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. ИИМдин маалыматына таянсак, 19 жаштагы Ш.К. 24-октябрь күнү райондук ооруканадан каза тапкан. Ошол эле күнү эртең менен 20 жаштагы Ж.Ж. өз өмүрүнө кол салып, бул дүйнө менен кош айтышты. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Автор: Айдай Асанбекова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:22
2025-06-22

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.