Депутат: "Интернетте элди бөлүп-жарган Таттыгүл Дооталиеваны жумуштан айдаш керек болчу"




"Элдин кабыргасы кайышып турганда, Таттыгүл Дооталиева авиакырсыкты табалап жатты". Мындай нааразычылыгын Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Өмүрбек Бабанов билдирди.
Депутаттын айтымында, интернетте элди бөлүп-жарган Дооталиеваны кызматтан бошотуу керек. "Медициналык академиянын ректору аны чакырып, эскертүү бериптир. Аны чакырбай туруп жумуштан кетириш керек болчу", - деп кошумчалады депутат.
Айта кетсек, 16-январь күнү эртең менен "Манас" аэропортуна жакын жайгашкан Аэрофлот дачалык тилкесине жүк ташуучу учак кулап, жалпы 38 адамдын өмүрүн алган.
16-январдагы апааттан соң Таттыгүл Дооталиева Фейсбуктагы баракчасына мерт болгондор өлкөнүн түштүк аймагынан экенин айтып, “өздөрүнөн көрсүн” деген өңүттө пикир калтырган. Кийин анын Медициналык академиянын окутуучусу экени аныкталган.


О э аборт тууралуу дагы мыйзам кабыл алсанар эл да колдойт деп ишенем.эненин ден-соолугуна зыян алып келчу учурда гана жасала турган жактарын тыкыр иштеп чыгып.антпесе бугун коомдук 1-каналда(бегущий строка)аборт тууралуу ON clinic тин ачык эле жарыясы кетип жатат.минтип олтура берсек аборт кылуу чон бизнестин бирине айланат .олкобуздун калкы кобойбой, тукумсуздука кептелебиз.