super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 18-ЯНВАРЬ: 135 жыл мурун "Винни-Пухтун" автору, англиялык жазуучу Алан Милн төрөлгөн

 
Жазуучу уулу Кристофен Робин менен
"Винни-Пух" мульфильминен кадр
Лондондо Винни-Пухка арналып орнотулган эстелик

Мындан 135 жыл мурун, 1882-жылы 18-январда англиялык балдар адабиятындагы классикалык китептердин автору, жазуучу Алан Милн Лондон шаарында жарык дүйнөгө келген. Бала чагынан жазуучу болууну кыялданып, башталгыч билимди атасынын жеке менчик мектебинен алган. Бул мектепте белгилүү англис жазуучусу Герберт Уэллс сабак берген. Андан соң А.Милн Кембриждин Тринити-колледжинде математика боюнча билим алган.

I Дүйнөлүк согушка британиялык армиянын офицери катары катышып, "Punch" юмордук журналында редактордун жардамчысы болуп иштеген. Ал жактан аңгемелерди, ырларды жазып, окурмандар арасында тааныла баштаган. Жазуучуга дүйнөлүк атак-даңкты Винни-Пух деген аюу тууралуу жомоктору алып келген. Андагы окуяларды ал 1920-жылы төрөлгөн жалгыз баласы Кристофен Робинге арнап ойлоп тапкан. Ал эми жомоктун каарманы өзү жана уулунун оюнчуктары болгон.

1926-жылы Винни-Пух тууралуу биринчи китеп чыгып, бир жылдан кийин анын "Биз эми алтоо болдук" деген экинчи бөлүгү жарык көргөн. 1928-жылы аталган чыгарманын жыйынтыктоочу бөлүгү жазылган. Винни-Пух тууралуу жомоктордун негизинде 1969-жылы Орусияда мультфильм тартылган. Ошондой эле Лондондогу зоопаркта Винни-Пухка арналган эстелик орнотулган. Жомокчунун мындан тышкары "Кызыл үйдүн табышмагы" (1922), "Экөө" (1931), "Хлое Марр" (1946), "Азыр аябай кеч" (1939) деген чыгармалары бар.

Винни-Пух тууралуу жомоктор 12 тилге которулуп, 15 миллионго жакын нускада дүйнөгө тараган. А.Милн 1956-жылы 31-январда Улуу Британияны Хартфилд шаарында көз жумган.

18-январга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: