super.kg logo

Тургун: "Учактын канаты балам экөөбүзгө 3 метр жетпей калды"

 

Авиакырсык болгон жерде үйлөрдүн ичи күйүүчү май жыттанып, тургундардын ден соолугуна зыян келтирүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 18-январда Курулуш башкармалыгынын дачалары айылынын жашоочусу Зайырбек Тайдинов билдирди.

"Үйдүн ичи күйүүчү май жыттанып, бат-баттан эшикти ачып желдетип жатабыз. Түнү менен зыяндуу затты жыттап жатууга аргасызбыз, андыктан ден соолукка зыяны тиет экен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тезинен учактын калдыктарын алып, аймакты тазаласа жакшы болот эле", - деди Тайдинов.

Каргашалуу таңда катуу ылдамдыкта келип кулаган учак 15 жылдык жоон дарактарды сындырган. Анын сынган канаты Тайдиновдун ашканасын талкалап, баласы экөө жаткан бөлмөгө 3 метр жетпей калган. Ал кошунасы үй-бүлөсү менен каза болгонун айтат: "Кошунам 4 баласы, аялы менен каза болду. Балдары мектеп курагында болчу. Бир үй-бүлөнүн баары каза болуп калды".

Тургундар учурда учактын үнүн укканда кооптонуп жатканын айтышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
18.01.2017. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
15 жылдык дарактарды сындырган деп, ой дарак эмес адамдарды, уйлорду жер менен жер кылды го(((
18.01.2017. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
sgushenka,Дарактарды сындырган деп кучун айтып атат, жаман ойлобочу.
18.01.2017. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тиги которулуп жаткан учак айылдын устунон эле барататко, демек ото эле жакын экенда Аэропортко бул айыл.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: