super.kg logo
  Саясат  

Каныбек Иманалиев: "Биздеги кийиктерди Казакстан үйүрү менен айдап кетип, атууда"

 

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Кыргыз жериндеги кийиктерди коңшу өлкөнүн аңчылары кырып жатканын айтты. "Көк-Ойрок" чек ара заставасын курмайынча кийиктерди сактап калуу аракетинен майнап чыкпасын билдирди депутат.

"Октябрдан май айына чейин Көк-Ойрок аймагында эч ким болбойт. Малчы да, егерь да, чек арачы да жок. Коңшу өлкөнүн жарандары тик учак менен келип биздеги кийиктерди үйүрү менен айдап кетип, өз аймагынан атып жатышат. Муну баарыбыз билебиз. Ал жактан аман калган кийиктер гана өлкөгө кайтып келишет. "Көк-Ойрок" чек ара заставасын курмайынча маселе чечилбейт", - деди Иманалиев.

Өкмөт өкүлү "Көк-Ойрок" чек ара заставасын куруу планы бар экенин, бирок көп жылдан бери ишке ашпай жатканын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: