super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 18-ЯНВАРЬ: 81 жыл мурун айтылуу "Мауглини" жазган англиялык жазуучу Редьярд Киплинг көз жумган

 
"Маугли" мультфильминен кадр
"Жунгли китеби" тасмасынан кадр

Мындан 81 жыл мурун, 1936-жылы 18-январда англиялык жазуучу, акын, новеллист жана "Нобель" сыйлыгынын ээси Редьярд Киплинг көз жумган. Р.Киплингдин жазган чыгармалары англис тилинин өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Анын мыкты чыгармаларынын катарына "Жунгли китеби", "Ким" жана башка бир нече ырлары кирет. 1907-жылы адабият боюнча "Нобель" сыйлыгын алган биринчи англис жазуучусу болгон.

Жозеф Редьярд Киплинг 1865-жылы 30-декабрда Индиянын Бомбей штатында төрөлгөн. 6 жашында Англияга барып, ал жерде 10 жыл жашаган. 1882-жылы 16 жаштагы Редьярд Индияга кайтып келип, гезиттердин биринде редактордун жардамчысы болуп иштеп, билимдүүлүгүн, ар тараптуулугун көрсөтө алган.

1889-жылдан тарта жазуучу дүйнө жүзүн кыдыра баштайт. Саякаттап жүргөндө жазган ырлары аны өз өлкөсүндө атактуулукка жеткирген. Америкада 4 жыл жашап, "Ойлоп чыгаруулардын массасы" (1893), "Күндүн эмгектери" (1898), "Жети деңиз", "Эр жүрөк деңиз саякатчылары" жана жырткычтардын арасында чоңойгон адам баласы Мауглинин жашоосу тууралуу "Жунгли китеби" (1894-1895) чыгармаларын жараткан. 1901-жылы "Ким" романын, 1902-жылы "Жөн эле жомоктор" деген балдар үчүн китепти чыгарган. 1937-жылы Киплингдин өлүмүнөн кийин анын "Бир аз өзүм жөнүндө. Тааныган жана тааныбагандар үчүн" деген эмгеги жарык көргөн. 32 жашында Р.Киплинг дүйнөдөгү эң бай жазуучу аталган. Ал мамлекет берген бир канча сыйлыктардан баш тартып койгон. Белгилей кетсек, "Жунгли китеби" чыгармасынын негизинде мультфильм жана тасма тартылган.

18-январга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: