Депутат Дастан Жумабеков парламенттик комитеттин төрагасынын орун басары кызматынан кетти

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков ("Кыргызстан") Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары кызматынан өз каалоосу менен кетти. Бул тууралуу анын жазган арызын парламенттин спикери Чыныбай Турсунбеков депутаттарга окуп берди.
Жумабековдун түшүндүрүүсү боюнча, 2016-жылдын ноябрь айында "Кыргызстан" парламенттеги коалициялык көпчүлүккө киргенине байланыштуу анын фракциялашы Айтмамат Назаров аталган комитеттин төрагалыгына шайланган. "Регламентке ылайык, бул комитеттин төрагасынын орун басары азчылык коалициясына кирген фракциядан болуш керек", - дейт Жумабеков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

