super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"Авиакырсыктан жабыр тартпагандар жардам алып, муктаждарга берилбей жатат" дейт тургун

 

Авиакырсыктан жабыркабаган коңшу айылдардын тургундары да берилип жаткан жардамды алышууда. Мындан улам жардамга чындыгында эле муктаж болгон жергиликтүү тургундарга жардам жетпей жатат. Жардам Курулуш башкармалыгынын дачалары айылынын мечитинде жергиликтүү аксакалдардын көзөмөлү менен таратылып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун Мастура Исаева билдирди.

"Ар кандай коомдук уюмдардан, жеке адамдардан жылуу кийим, төшөнчү, тамак-аштар келип жатат. Бирок ошол жардамдар адилеттүү берилбей, кошуна айылдын да тургундары келип алышууда. Бул ишти тыкыр көзөмөлдөгөн адам жок. Биздин үй, короо-сарайлар талкаланды. Кыздарыма кийим, төшөнчү алайын деп ала албай жатам, себеби мен 2 күрмө алгам. Мындан улам "сага жардам" берилген дешүүдө", - дейт Исаева.

Мечитте жардам берүү иштерине аралашып жүргөн Өмүрбек Атабаев жардам каза болгондордун жакындарына гана берилип жатканын айтты.

"15 адамдан турган комиссия түзгөнбүз. Айылда бир киши 4 баласы менен кыйынчылыкта жашайт. Ошого жардам берилгенден улам сөз чыгып кетти. Буга чейин штабдан "ушул айылда жашайбыз" деп жардам алып кетишиптир", - деди Атабаев.

Социалдык коргоо министринин орун басары Лунара Мамытова жабыркабаган адамдар жардам алып жатканын тастыктады.

"Мындай ызы-чуу маалды айрым адамдар пайдаланып жатышат. Учурда ким, канчалык деңгээлде жабыркаганын тактап жатабыз", - деп билдирди Мамытова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
18.01.2017. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эх куноокор ташбоор пендебизда
18.01.2017. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Уурулук жонундо СМИге жазбай тургула,Турктор чет элдиктер укса уят.Бир аз болсо да жаап жашырып тымызын жоопкерчиликке тарткыла жарыя кылбай ууруларды.Башка иш болуп башка жактан уурулук кылса мейли жазсанар болот С К ТУ деп.
18.01.2017. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
azamat.k,жакшы айттың. Ичтеринен начар калк экен деп калбайбы...
2011-жылкы цунамиде япониянын элине дүйнө таң калган го.Ошончо нерсе болсо да талап тоноо болгон эмес.Эли да ушунчалык сабырлуу, биримдиктүү экендерине.
18.01.2017. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ээй десе жакшылап болуштуруп беришпейби пайдаланышпай
18.01.2017. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эч качан туура так болунбойт ортодо чиновниктер пайдаланышат созсуз.бир кундук айлыктарын которуп жатышат ал да муктаж эместерге да болунот уят
18.01.2017. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Уят ушул жерде дагын пайдалып олуп кетишет кудай ургурлар
18.01.2017. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чындап муктаж болсо коншу айылдагыларга деле бере берсин да. Пейилди кен кылалы туугандар, кийимдер толуп кетти деп жатышат эле го.
18.01.2017. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пейилибиз тарып калбадыбы...
Кимдир бирөөгө азап,а кимдир бирөөгө пайдаланып калчуу маал болуп калды.Ар бирибизге Аллах өзү ыйман бепсин,жакындарынан айрылгандарга Сабыр берсин!
18.01.2017. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пейилибиз тарып калды...
Кимдир бирөөгө азап,а кимдир бирөөгө пайдаланып калчу маал болуп калды.Аллах ар бирибизге ыйман,жараат алгандарга шыпаа ал эми жакындарынан айрылгандарга Сабыр берсин!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: