"Өкмөттүн авиакырсыктан жабыркандарга 70 миң сомдон эле сунуштаганы уят, 1 миллион сомдон бериш керек" дейт Аида Салянова

"Өкмөттүн авиакырсыктан жабыркандарга 70 миң сомдон эле сунуштаганы уят", - деди бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Салянова ("Ата Мекен").
Анын айтымында, кырсыктан улам жабыркагандарга жана каза тапкандардын жакындарына 1 миллион сомдон бөлүп берүү керек. "Бир нече үй-бүлө курман болду. Алардын жакындарына 1 миллион сомдон бөлүнүп берилсе да аздык кылат", - деди Салянова.
Айта кетсек, 16-январь күнү эртең менен "Манас" аэропортуна жакын жайгашкан Аэрофлот дачалык тилкесине жүк ташуучу учак кулап, жалпы 38 адамдын өмүрүн алган. Өкмөт жабыркагандарга жана каза тапкандардын жакындарына 70 миң сомдон жардам берилерин билдирсе, президент 100 миң сомдон, Жогорку Кеңештин төрагасы 80 миң сомдон бөлгөнү жатат. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Улан Примов кесиптештерине үч күндүк эмгек акысын авиакырсыктан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө которууну сунуштаган.


Жаны жылга деп 13миллион Бишкек шаарына болдунор эле 1кундук шаан-шокот учун.а карапайым калк жабыр тартып турганда ошончо сумма болбойсунорбу анда.той-аштарга миллиарддарды карызга болсун алып откоросунор кыйын кырдаалда унунор чыкпай дудуксунар.Негизи биздин бийлик онолбойт бул кейпи менен алдынкы жылдары.
++++++++++
+++