Мектеп окуучулары Боинг 747 учагы кулаган аймакта уюлдук телефондорду чогултушууда







Курулуш башкармалыгынын дачалары аймагындагы учак кулаган жерде мародёрчулук кайрадан орун алып жатканын ал жактын жашоочулары SUPER.KG порталына билдиришүүдө.
"Кечээ түнү менен адамдар учак кулаган жерден буюмдарды каптарга чогултуп, унаа менен ташып жатышты", - дейт жергиликтүү тургун Кубаныч Абдиев.
Учурда авиакырсык болгон жерде мектеп окуучуларынын уюлдук телефон чогултуп жүрүшкөнүнө күбө болдук. Аты-жөнүн атагысы келбеген окуучу 3 уюлдук телефон тапканын, достору бирден тапканын айтат. Алар түштөн кийин Жаңы-Жер айылындагы мектептердин биринде окушарын, сабак башталганча кырсык болгон жерге кызыгып келишкенин айтышты.
Эске салсак, "учак кырсыгы болгон жерден чачылган товарларды уурдаган" деген шек менен жергиликтүү тургун кармалган.























1 |