super.kg logo

Алай РИИБинин бир катар жетекчилери кызматтан алынышты

 

Ош облусунун Алай районунун ички иштер бөлүмүнүн жетекчилери кызматтан алынышты. Ал эми айрым милиция кызматкерлери тергөө абагына отургузулушту. Мындай маалыматты бүгүн, 18-январда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "тергөөгө тоскоолдук жаратуу" жана "бийлик өкүлдөрүнө күч колдонуу" беренелери боюнча күнөөлөнүп жатышат. Ош шаардык соту шектүү жарандардын баш коргоо чарасын карап, аларды Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 5-тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Мындан тышкары Ички иштер министрлигинин буйругу менен Алай РИИБинде тергөөчү болуп иштеген М.М. аттуу кызматкер жана ыкчам топтун А.Б. аттуу кызматкери пара талап кылганы үчүн кызматтан алынган. Ал эми ыкчам топтун кызматкери Э.С. ээлеген кызматынан төмөндөтүлгөн.

“Кызматтык дисциплинаны сактабагандыгы үчүн Алай РИИБинин жетекчиси, анын эки орун басары, СИЗОнун жетекчиси, тергөө бөлүмүнүн жетекчиси кызматтан алынды”, - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Алай РИИБинин тергөөчүсүн кармоодо аталган ички иштер бөлүмүнүн бул кызматкерлери тергөөгө тоскоолдук жаратышкан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: