Талас. Чернобыль кырсыгынын катышуучуларына арналган эскерүү иш-чарасы болуп өттү
Талас шаарында 26-апрель күнү Чернобыль кырсыгынын катышуучуларына арналган эскерүү кечеси болуп өттү. Буга облус жана шаар жетекчилери катышып, анда окуянын жабырлануучуларына акчалай жардам берилди.
Белгилей кетүүчү нерсе, шаардык сейил бактын борбордук бөлүгүндө атайын эстелик тургузулуп, аны аталган кырсыктын катышуучулары өздөрү каржылашты.
Кошумчалай кетсек, Чернобыль кырсыгына Талас облусу боюнча 300 адам катышып, бүгүнкү күндө 87 адам аталган аймакта жашайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
17:12
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















