super.kg logo

Тоң районунда мал уурулук менен алектенген эки жаран кармалды

 

Тоң районунда мал уурулук менен алектенген эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-январь күнү Тоң райондук милициясына Коңур-Өлөң айылынын 47 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар короосунан уюн уурдап кетишкенин билдирген. Көрүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 21 жаштагы Санжар жана 19 жаштагы Нооруз кармалган.

"Мал уурулукка шектүү катары кармалган адамдар өткөн жылдын декабрь айында да ошол эле айылдын Жоон-Дөбө тилкесинде 49 жаштагы тургундун уюн уурдашканын моюндарына алышкан. Учурда "мал уурулук" боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп айтылат Ысык-Көл ОИИБинин маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: