super.kg logo

Майлуу-Суу шаарында 69 жаштагы аялдын жансыз денеси таанышынын короосунан табылды

 

Майлуу-Суу шаарында 69 жаштагы аялдын жансыз денеси таанышынын короосунан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1948-жылы туулган Тамара Гузова бир айдан бери дайынсыз делип изделип жаткан. 17-январь күнү анын жансыз денеси 1967-жылы туулган Ю.Казаковдун үйүнүн артынан жерге көмүлгөн абалда табылган.

"Бизге катталгандан кийин маркумду издөө иши жанданып, оперативдик маалыматтар келип түштү. Маалыматтын негизинде кылмышка шектүүнүн үйүнүн аркасындагы бөтөлкөлөрдөн күмөн болгон. Анткени ажаткана тараптагы бөтөлкө үйдүн артына ташылып калган. Үйүлгөн бөтөлкөлөрдү алган учурда жердин казылганы байкалды. Аялдын сөөгү болжолдуу түрдө 70 сантиметр тереңдикте көмүлгөн. Кылмышты жашыруу үчүн бөтөлкөлөр менен жабылган. Аялдын сөөгү бир айдай жатып калган. Үй ээси өлүктү тапкандан кийин гана Тамара менен тааныштык жагдайы бар экенин, сөз талашуудан улам чыр чыкканын айтып берди. Маркумду тапканга чейин да үй ээси анын дайынсыз жоголуусуна тиешеси жок экенин билдирип жаткан", - дейт Майлуу-Суу ШИИБинин башчысы Рустамбек Жумабаев.

Учурда "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
19.01.2017. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобо кылдым ошо ботолко учун болсо керек бул арак көп адамдын жанын алат
19.01.2017. 04:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба менин жеримде турбайбы админ Джалал Абад дагы таксист жургунчуну дагын тактап койунуздарчы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: