super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 19-ЯНВАРЬ: 219 жыл мурун социологияны негиздеген француз ойчулу Огюст Конт төрөлгөн

 

Мындан 219 жыл мурун, 1798-жылы 19-январда социологияны өзүнчө илим катары негиздеген француз ойчулу Огюст Конт Франциянын Монпелье шаарында төрөлгөн. Лицейде жүргөндө математика сабагын кызыгуу менен окуган. Политехникалык мектепке тапшырып, ал жактан өзгөчө акылы менен досторун жана профессорлорду таң калтырган.

Франциялык ойчул, социолог Сен-Симон менен таанышып, бир нече жыл анын шакирти болгон. 1826-жылы апрелде О.Конт өзүнүн үйүндө позитивдүү философия курсун ачып, белгилүү окумуштуулар Александр Гумбольдт, Анри Блэнвилль, Луи Пуансо, Франсуа Бруссеге сабак берген. Кийин кененирээк аудиторияга лекцияларды окуй баштаган. 1851-1854-жылы ал "Позитивдүү саясаттын системи" деген эмгегин жараткан.

О.Конттун пикири боюнча, социология коомдук өнүгүүнүн мыйзамдарын аныктайт. Ал социологияны социалдык статика (индивидди, үй-бүлөнү жана коомду өздөштүрүү) жана социалдык динамика (коомдо болуп жаткан социалдык процесстер) деп экиге бөлгөн. "Позитивдүү саясаттын системи же адамзаттын динин аныктоочу социология жөнүндө трактат" деген эмгегинде азыркы коомдо диндин уюштуруучу жана тарбиялоочу роль ойноорун жазган.

Ойчулдун мындан тышкары "Позитивизмдин руху жөнүндө ой толгоо" (1844), "Позитивизмдин катехизиси" (1852), "Субъективдүү синтез" (1856) деген китептери бар. О.Конт 1857-жылы 5-сентябрда Париж шаарында көз жумган.

19-январга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: