super.kg logo
  Саясат  

"Өкмөт авиакырсыктын чыныгы себебин жашырып жатат" дейт Өмүрбек Текебаев

 

Өкмөт авиакырсыктын себеби боюнча чындыкты жашырып жатат. Мындай оюн бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев билдирди.

Ал белгилегендей, авиакырсык маселеси кечээ парламентте көтөрүлгөн, бирок өкмөттүн суранычы менен бул маселени кароо кийинки жумага калтырылган. "Кырсыкты иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүшүбүз керек. Өкмөт чындыкты жашырып жатат. Башында чиновниктер "учак үч жолу конууга аракет жасаган, үчүнчүсүндө жерге кулаган" дешкен, бирок кийин учак түз эле түшүп талкаланганы белгилүү болгон. "Боинг учагы кошумча май куюш үчүн "Манас" аэропортуна конгону жаткан" деген өкмөттүн позициясы чындыкка дал келбей жатат, анткени мында муктаждык жок болчу экен. "Кимдир бирөөнүн тапшырмасы менен Кыргыз жергесине жүк ташып келе жаткан" деген маалыматтар чыгууда. Эгер чын эле аткезчилик болсо, кимдир бирөө миллиарддаган пайда таап жаткан. Эмне деген жүк болчу? Пайда таап жаткан адам ким? Бизде ушундай аткезчилик болуп жатса, Орусия менен Казакстан бизге ишенбегени туура. Муну иликтеп чындыкка жетсек, ошондо курман болгондордун арбагын сыйлаган болобуз", - деди Текебаев.

"Өнүгүү-Прогресс" жана "Бир бол" фракцияларынын лидерлери Бакыт Төрөбаев менен Алтынбек Сулайманов Текебаевдин депутаттык комиссияны түзүү демилгесин колдошту. Төрага Чыныбай Турсунбеков комиссияны түзүү маселеси тиешелүү парламенттик комитетте караларын айтты.

Айта кетсек, 16-январь күнү эртең менен "Манас" аэропортуна жакын жайгашкан Аэрофлот дачалык тилкесине жүк ташуучу учак кулап, жалпы 38 адамдын өмүрүн алган.






Текебаев: "Өкмөт авиакырсык боюнча чындыкты жашырып жатат"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: