super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 19-ЯНВАРЬ: 166 жыл мурун галактиканын айланышын далилдеген нидерландылык астроном Якобус Каптейн төрөлгөн

 

Мындан 166 жыл мурун, 1851-жылы 19-январда галактиканын айланышын дүйнөдө биринчи болуп далилдеген нидерландылык астроном Якобус Каптейн Нидерландынын Барневелд шаарында төрөлгөн. Ал Саманчынын жолун кеңири изилдегени менен дагы белгилүү.

1868-жылы Утрехет университетине тапшырып, 7 жылдан соң диссертациясын жактаган. Андан соң 3 жыл Лейден обсерваториясында иштеп, астрономиянын жана теориялык механиканын профессору аталган.

1896-1900-жылдары Кейптаун обсерваториясында жылдыздарга фотографиялык изилдөө жүргүзүп, фотопластинкаларды жасаган Дэвид Гилл менен чогуу иштеп, түштүк жарым шардагы 454 875 жылдыздын жайгашуусун жана өлчөмүн жазып, "Cape Photographic Durchmusterung" деген эмгекти жарыялашкан. 1904-жылы Я.Каптейн жылдыздардын кыймылын өздөштүрүп жатып, анда жылдыздарда карама-каршы багытта жылган эки агым бар экенин аныктаган. Бул изилдөө биздин галактиканын айланышынын биринчи далили болгон. 1906-жылы астрономиянын тарыхында биринчи болуп галактикадагы жылдыздардын көлөмү, спектралдык классы, радиалдык ылдамдыгын өлчөп чыккан.

Анын атынан 1916-жылы ачылган Каптения астероиди аталган. Ал эми 1964-жылы Эл аралык астрономиялык союз Я.Каптейндин ысымын Айдын көрүнө турган бетиндеги кратерге ыйгарган. Астроном 1922-жылы 16-июнда 71 жашында Амстердамда көз жумган.

19-январга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: