super.kg logo

Бишкекте Түркиянын жаранынан "Кыргыз паспортун алып берем" деп 1500 доллар алып, из жашырып кеткен адам кармалды

 

Бишкекте Түркиянын жаранынан "Кыргыз паспортун алып берем" деп 1500 доллар алып, из жашырып кеткен адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кылмышка шектүү катары 1971-жылы туулган Ким Дмитрий Анатольевич кармалган. Ал өзүн "Ак-Азат" фирмасынын директору катары тааныштырып, 2016-жылдын май айында Х.А. аттуу Түркиянын жаранынан Кыргыз Республикасынын паспортун алып берүү үчүн 1500 доллар алып, кийин дайынсыз болуп кеткен. Кылмышка шектүү ушундай эле алдамчылык жол менен дагы бир жарандан 1800 доллар алган.

Ал эми 1980-жылы туулган Түркиянын жараны Ч.Иден 1500 доллар алып, ага Бишкекте туруктуу жашоо үчүн тиешелүү документтерди каттап берерин айткан. Бирок ал берген убадасын аткарган эмес.

Учурда Ким Дмитрий Анатольевич тергөө абагына киргизилди. Эгер андан жабыркагандар болсо, 0557 77-01-77, 0553 68-33-53 жана 0772 57-76-76 телефон номурларына кабарлаңыздар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
19.01.2017. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец ушинтип алдап алып бербей коюпсун. Эми алгысы келбей калат алдап коюшат экен деп
19.01.2017. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jamanbolgogo
19.01.2017. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Журогуно рахмат
19.01.2017. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аа тузук толук аты жонун жазып.калыпсынар деп калсам дагынделе а.м к.к. деп жазыпсынар силерге барибир эмеспи турктордун аты жону толук жазабербейсинерби.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: