Кыргыз жеринде бильярд боюнча Азия чемпиондугун өткөрүү пландалууда



19-январда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов Эл аралык бильярд жана снукер федерациясынын президенти Мубарак Хамад Аль-Кхаярин менен жолукту. Тараптар кызматташтык боюнча макулдашып, Кыргыз жеринде аталган спорт түрүн өнүктүрүү боюнча сүйлөшүштү.
Агенттиктен кабарлашкандай, жолугушууга Улуттук Олимпиада комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешев жана КРнын Снукер федерациясынын башкы катчысы Шаирбек Маматокторов катышты.
Маалым болгондой, Эл аралык федерация Кыргыз жеринде быйыл Азия чемпиондугун уюштурууну пландоодо.
жана спорт мамлекеттик агенттиги
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.