super.kg logo
  Саясат  

Жантөрө Сатыбалдиев: "Баткен-2013" эл аралык форуму Баткен облусунун тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калат"

 
"Баткен-2013" эл аралык форуму Баткен облусунун тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калат",- деп билдирди Баткен облусун өнүктүрүү жана инвестициялоо боюнча өткөн аталган форумда өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев. "Совет мезгилинде Баткен аймагы республиканын түштүгүндө өндүрүштүн алдынкы сабында турчу. Сурма, сымап өндүрүү боюнча масштабдуу иштер жүрчү. Учурда аталган тармактагы ишканалар кейиштүү абалда. Бүгүнкү форум негиздүү багыттар боюнча чоң үмүттөрдү берет. Форумдун аягында кабыл алынып, жүктөлгөн тапшырмаларды ишке ашырууга облус жетекчилиги катуу иштеши керек",- деди премьер-министр. Ошондой эле бардык катышуучулар бул эл аралык форумдун натыйжалуулугун баса белгилешти. "Көптөгөн мындай иш-чаралар жакшы комплимент жана жылуу каалоо-тилектер менен аяктайт. Бүгүнкү форум жогорку деңгээлде өттү жана конкреттүү жыйынтыктарды берди",- деди ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы Сергей Капинос.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: