super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

СУПЕРСТАН: "7-8-класстан баштап мектепти бүткүчө балдар-кыздар урушканбыз"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Мектебим жана эсте калган күндөр" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Окуучу кезде англис тили сабагынан берген агайдан аябай коркчубуз. Бир-эки окуучудан башкабыз сабактан качканбыз. Бир саат өткөндөн кийин класска кирип, сумканы жыйнап, күндөлүктөрдү карасак, 1/1 деп өтө элек сабагына да коюп салыптыр. Ошентип бир күндө төрт жолу бир сабактан "1" деген бааны алып үйгө кеткенбиз".

"Бир күнү тыныгууда мектептин алдында турганбыз, окуучулар көп. Бир убакта 3 бала келип кыйкырткан бойдон көтөрүп ала качып кетишкен, отурбай койгом. Кийин кайра окууга келгенде аябай уялгам, мугалимдер кирген сайын "Тынччылыкпы?" деп сурап коюшат, жерге кирип кетейин дегем".

"9-класста Жаңы жылды майрамдап классташтар чогулуп отурдук. Андан чыгып алып чана менен муз тепкенибиз эч эсимден кетпейт. Сонун адреналин алгам. Ошондон бери муз тебе элекмин".

"11-класста бир классташ бала ак көйнөгүн бырыштырып кийип келиптир, "үтүктөп кийбейби, уят эле" десек, аны угуп калыптыр. Кийин классташ балдар бизди "тырыштырган".
"Мектептин артына өтүп алып мушташкан күндөр эле эсте калыптыр. Агай келе калса сумканы кучактап алып качмай, эртеси кабинетке чакырып алып "лекция" окуйт. "Ата-энеңди чакырам" десе коркуп калчубуз, болбосо кенебей жүрө берчүбүз".
"Мен классташтарымды сагынбайм. Биз 7-8-класстан баштап мектепти бүткүчө балдарыбыз менен урушканбыз. Урушубуз бүт айылга тарап, аксакалдар келип жыйын өткөрүп, жараштырышкан. Бирок ич ара таарынычтар жазылган эмес. Бүтүрүү кечесинде да "Б" класстын балдары менен отурганбыз. Балдар "Б" класстын кыздары менен отурушкан".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.01.2017. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Bizdin klasss jetekchi agai bologon kungo urchu sabaka kiebesek
19.01.2017. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azyr mintip sutdent bolum jurom again ejekeilerdi sagyndymgoo
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: