super.kg logo

ИИМ: "Мародёрчулукка шектелип кармалгандар тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт"

 

Ички иштер башкармалыгы Боинг 747 учагы кыйраган жерде мародёрчулук болбогонун бүгүн, 19-январда билдирди.

"Социалдык тармактарда жана кээ бир жалпыга маалымдоо каражаттарында "мародёр" делген жаран менен жакшы эмес окуя болгону айтылып, мамлекет андан кечирим сурашы керектиги жазылууда. Бирок бул маалымат чындыкка дал келбейт жана айрым адамдар тарабынан коомчулукту адаштыруу максатында жарыяланып жатат. Авиакырсык болгон күнү Чүй облусунун укук коргоо органдары кырсык болгон жерди курчоого алып, коомдук тартипти сакташкан", - деп айтылат маалыматта.

Учак кыйраган аймакта иликтөө иштери жүрүп, тыштан келген жарандар киргизилбей, мародёрчулук менен уурулуктун алдын алуу максатында күнү-түнү кайтарылганы маалымдалат.

"Бул чаралар ички иштер органдарынын түздөн-түз милдети. Ал күнү кызматкерлер чака менен бара жаткан шектүү жаранды кармашкан. Суракка алынганда чакадагы буюмдар анын агасынын каза болгон балдарыныкы экени белгилүү болду. Териштирүү иштери бүткөн соң кармалган жаран коё берилген", - деп билдиришти Ички иштер министрлигинен.

Эскерте кетсек, авиакырсык болгон соң куткаруу иштерине тартылган аскерлер түн ичинде телефон издешкенин тургундар айтып беришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
19.01.2017. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
ошо форма кийген милицияны таап кечирим сураттырыш керек.
уверенный айтатго агасы емес деп.
19.01.2017. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бир маалыматты таратып, кайра туура эмес дешип элдин башын айлантышты го булар.
19.01.2017. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Siren90,бир маалыматты тараткан милиция эмес сиз менен биз сыяктуу колуна камера кармаган эле бирөө болуп атпайбы кашайып(((видео башында ММКлардан эмес сайттан тараптыр...кудай буйурса укук коргоочулардын бирөөсү жардам берем деди,кечирим сурагандарын окуп калаарбыз милиция менен журналист сөрөйдүн...
19.01.2017. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Анан жалдырап турсунбу текшерет да эгер чакага жардыргыч салып алып отуп кетсе эмне болот эле кудай сактасын негизи анда милиция карабайт демекпиз текшергени туура деп эсептейм
19.01.2017. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айфонун алып коюптyр го бергиле
19.01.2017. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Текшергени туура бирок сурака алып жыйынтыгына карап иш кылса жакшы болмок далилсиз эле ууру деген туура эмесго азыр адамдарда пайлап эле турушат бир нерсе болсо эле сразу телефонун чыгарып тарта калышат эми ошол тарткандар кечирим сурасын эгер чындыгында уурдабаган болсо.
19.01.2017. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
remi.005,бул жерде чынында журналист сөрөйдун күнөөсү аягына чейин тартпастан чыгарып ийген...болбосо беш минутка жетпестен койо берилген үч баласы каза болгондун иниси,а экинчиси бир сааттын аралыгында бир сыйра текшерилип туруп..жинди келтиргени буну чыгаргандардын унчукпай жатканы болуп атат да(((буйурса бул балдар кыймылдай башташат,бүгүн жетилигин өткөзүштү инилери менен карындашынын
19.01.2017. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aydinnur,маалымат учун рахмат.
19.01.2017. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эгер мародёр болсо документти эмне кылмак эле, агасынын буйумдарын топтоп алып кетип жатса эле текшерип аларды сүйлөтө койбой өздөрү эле сүйлөп туруп алыштыго милициялар "бул кылганыңар уятда"- деп эле.
Ал эми ошол самолёттон чачылган буйумдарды талап-тоношкондорго айткым келет ошол буйумдар менен толбогон жериңер толдубу, ошол телефондорду сатып байып кетесиңерби?
Андан көрө ошол жерге куран окуп өткүлөчү курман болгондорго, сообу тийсин
20.01.2017. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошол менттер сурака алынсын арыз жазгыла үстүнөн.кечирим сурашсын алардын видеого тартып элге чыгарганга укугу жок,качан кылмышы далилденмейинче.
20.01.2017. 03:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айфонду кайсы мент кымырды экен. Ошону изилдеш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: