super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 20-ЯНВАРЬ: 96 жыл мурун Дагестан Республикасы негизделген

 

Мындан 96 жыл мурун, 1921-жылы 20-январда Дагестан Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасы негизделген. Ал эми 1992-жылдан баштап ал Орусия Федерациясына кирип, анын эң түштүгүндө жайгашкан өлкө болуп калган. Борбору - Махачкала. Грузия, Азербайжан өлкөлөрү менен чектешет. Түштүк-чыгышын Каспий деңизи чулгайт. Аянты 50,3 миң чарчы чакырымды түзөт. Калкынын саны 3 миллиондон ашат. Негизинен бул мамлекетте авар, даргин, кумык, лезгин, орус, лат, табасаран, чечен, азербайжан жана башка улуттун өкүлдөрү жашайт. Дагестан христиандык Европа менен мусулмандардын Чыгышын, көчмөн Түндүк менен жер иштеткен Түштүктү бириктирген көпүрө болуп эсептелет.

Биздин заманга чейинки биринчи миң жылдыкта эле азыркы Дагестандын ордунда шаарлар пайда боло баштаган. Ал эми биздин замандын 3-кылымында сасаниддер бул аймакка ээлик кылып, андан соң хунндар, ислам динин алып келген арабдар басып алган. Мындан тышкары бул жерде сельчук түрктөрү, монголдор жана ирандыктар жашаган. Иран менен Орусия империясынын ортосундагы Гүлстан келишими боюнча, 1813-жылы азыркы Дагестан Орусиянын курамына кирген.

20-январга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: